Ага ылайык, түрдүү шарттардан улам кылмыш кылган, кийин ага катуу өкүнүп, оңолуу жолуна түшкөн камактагы 956 киши эркиндикке чыгат.
Мунапыс боюнча камактан бошотулгандарга тез арада үй-бүлөсүнө баруу жана коомго кайтуу мүмкүнчүлүктөрү берилет.
29-сентябрда президент Мирзиёев Конституциянын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу камактагыларга ырайым берүү тууралуу материалдарды даярдоо боюнча буйрукка кол койгон.
Мунапыс жөнүндө жарлыкка ылайык, абактагылар эркиндикке чыгат же шарттуу түрдө бошотулат, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы жеңилдетилип, айрымдарынын соттуулугу жоюлат.