Ссылки доступа

Күндүн маанилүү сүрөттөрү жана видео баяндары


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Сүлүктү: эч кимге берилбеген ээн үйлөр. Бир кезде өнөр жайлуу ири шаар болгон Сүлүктүдө ээси жок ээнсиреп турган үйлөр көп. Ошол эле учурда миңге чукул жаш үй-бүлө турак-жай менен камсыз кылуу боюнча арызын шаар бийлигине тапшырып, кезекте турат. (Кыргызстандан видео)

- Сироджиддин Аслов ЕККУ институттары Тажикстандын кызыкчылыктарын этибар албай жатканын билдирди.Тажикстандын ТИМ башчысы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Венада өткөн 24-сессиясында ЕККУну сынга алып, анын институттары «Тажикстандын террордук жана криминалдык элементтерине» трибунада сөз берип жатканын айтты. (видео)

- Артем Новиков: Экономикада түзүмдүк реформалар күтүлүүдө. «Перекресток» берүүсүндө фискалдык саясаттагы реформалар, «Мегакомду» сатуу жана башка маселелер тууралуу сөз болду. Катышуучулар экономика министри Артем Новиков менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков. (Кыргызстандан видео)

​- "Палоо жеп, арыз жазышты": Улуттук китепкананын директору жемкорлукка каршы күрөшүү мекемесинин кызматкерлери менен соттошууда. Алар Сайфиддин Назарзоданы тойго 200дөн ашык киши чакырган деп айыпташууда. (Настоящее время)

- Жалал-Абадда жаштар экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш жасашты. (Кыргызстандан видео)

- Адам токойдогу өрттөн жапайы коёнду куткарды. Бул видео азыр токойлорун катуу өрт каптаган жаткан Калифорнияда тартылган: (Директтен видео)

- "Эгер сен пара албасаң, анда сен лоялдуу эмессиңжана сени жумуштан алышат". Ходорковский Улюкаевге карата чыгарылган өкүм тууралуу. «ЮКОС» мунай компаниясынын мурдагы башчысы экс-министр Алексей Улюкаевге карата чыгарылган өкүм боюнча пикирин билдирди. Аткаминер Ходорковский сыяктуу эле 10 жылга камалышы мүмкүн. (Настоящее время)

- ​Тыңчылардын балдары. Гэри Пауэрс 1960-жылы 1-майда атасынын башкаруусундагы U-2 чалгын учагы атылып түшүрүлгөн Уралга келди. (Настоящее время)

- Клондордун чабуулу. (Директтен видео)

- SERB радикал тобунун активисттери менен Донбасстагы жикчилдердин тарапташтары Москвада Украинадагы согуш тууралуу тасманы көрсөтүүнү үзгүлтүккө учуратышты. (Директтен видео)

- Олимпиада согуштун метафорасы катары. Орусиялык саясатчылар Эл аралык олимпиада комитетинин чечимине кандай реакция кылышты? (Директтен видео)

- Америкалык үй-бүлө: эки ата жана эки кызы. Ярослав менен Жон Москвада беш жыл бирге болуп, кийин АКШга баргандан кийин никеге турушту. Учурда алардын эки кызы бар. (Настоящее время)

- Кол тийбестер жок: америкалык ТВ жылдыздардын кимиси сексуалдык ыдык үчүн жумуштан алынды? (видео)

- Донецкке жакын жердеги жашоо. (сүрөт баян)

- Киевде украин артисттеринин Орусиядагы концерттерине каршы акция өттү. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG