Укук коргоо органдары олигархтын кармалаганы боюнча маалымат бере элек. Өз булактар кабарлагандай, Абдулов учурда Душанбедеги абактардын биринде кармалууда. Анын үй-бүлөсү Дубайда жашайт.
Маалыматтарга караганда, Жамшед Абдулов тажик вице-премьери Давлатали Саид «Тоджпромбанктын» кардарлары менен жолугушкандан кийин кармалган. Алар Абдулов баш болгон бир нече олигархтар банктан алган насыяларын төлөбөй, акчаларын ала албай жатышканын айтып даттанышкан.
«Олим-Текстайлз» фабрикасы 2010-жылы Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда ачылган. Ишканага бир катар жеңилдиктер берилгени менен ал былтыр салык үчүн 19 миллион сомони ( 2млн. долларга жакын) карыз болуп калган.