Маалыматка караганда, акыркы бир нече жыл ичинде аталган өлкөлөрдөн 63 бала мекенине кайтарылган. Билисбековдун айтымында, жакында кеминде дагы 50 баланын Казакстанга алынып келиниши күтүлүүдө. «Биз бул маалыматтар чындыкка дал келе деп кепилдик бере албайбыз», — деп кошумчалады Билисбеков.
Быйыл казак бийлиги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, террористтик жана башка оор кылмыштарды жасоого күнөөлүү деп табылган адамдар жарандыктан ажыратылат.
Бийликтин маалыматы боюнча, акыркы бир нече жыл ичинде Сирия менен Ирактын согуш болуп жаткан аймактарына жүздөгөн казак жараны чыгып кеткен.