Анын айтымында, 12-декабрь эртең менен Галина Кучеренконун кызы Валерия апасы менен көрүшүп, ага жылуу кийимдерин берген.
«Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдиргендей, Галина Кучеренко коңшуларынын арызынын негизинде кармалып, 15 суткага камалды. Алар укук коргоо органдарына активисттин батиринде кармалган мышыктар менен иттерден улам жаралган антисанитарияга даттанышкан.
Кучеренконун үстүнөн сот ал кармалган күнү — 7-декабрда болгон. Ал күнү өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган кишилер активисттин үйүнө кирип, аны кызы Валерия менен чогуу алып кетишкен. Кечке жакын Валерия Кучаренко бошотулуп, полицияга каршылык көрсөттү деген шылтоо менен 50 манат (12 евронун тегереги) айыппул салышкан.
Эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигинин бул аракетине тынчсыздануусун билдиришип, Кучаренконун тез арада бошотулушун талап кылышты.