Орусиянын энергетика, коргонуу жана каржы тармактарына таасирин тийгизген негизги санкциялардын мөөнөтү 2018-жылы январдын соңунда аяктайт. ЕБ лидерлери чектөөлөрдүн мөөнөтүн 2018-жылдын ортосуна чейин узартат деп күтүлүүдө.
Москва 2014-жылы аннексияланган Крымды эч качан кайтарып бербей турганын айтып келет. Батыш өлкөлөрү Орусияны Украина чыгышындагы согушта жикчилдерди колдоп жатат деп дагы айыптоодо.