Ссылки доступа

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берди

Кыргызстан Ысык-Көл жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берди. Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык өзбек тарапка ошол пансионаттар жайгашкан жерлерди убактылуу пайдалануу укугу да берилет.

Бул Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Бостери» (мурдагы “Алтын кум”), Кара-Ой айылындагы «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ») жана «Энесай» (мурдагы «Дилором»), Тоң районунун Күн-Чыгыш айылындагы «Бустон» пансионаттары.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул эс алуу жайлары жайгашкан жерлер Кыргызстандын менчиги бойдон кала берет.

Өзбек тарап пансионаттардагы тейлөө деңгээлин Кыргызстанда колдонулуучу стандарттардын негизинде үч жана төрт жылдыздуу, жайы-кышы иштөөчү тартипке жеткирүү максатында белгилүү мөөнөткө чейин каражатты инвестициялоо боюнча милдеттенме алат.

Ошону менен катар өзбек бийлиги бул пансионаттарда иштеген кызматкерлердин 80% кем эмесин кыргыз жарандары түзүүсүн камсыз кылууга милдеттүү болот.

Ал жайлар былтыр апрель айында өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын менчигине алынган.

Эми өзбек тарап Эл аралык арбитраждык соттон бул боюнча өз арызын алып салуусу каралган. Аны менен бардык көйгөйлөр тынчтык жолу менен жөнгө салынган болот.

Кыргыз өкмөтү бул документ Өзбекстандан келген туристтердин санын көбөйтүп, ортодогу карым-катнаштын жакшыруусуна көмөктөшөрүнө үмүттөнөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG