Конференция БУУнун адам укуктары боюнча декларациясынын 70 жылдык мааракесине арналат.
Буга чейин Human Rights Watch уюму Өзбекстан президенти түрмөдөгү 16 саясий активистти бошотконун маалымдаган.
Мындан тышкары 12-декабрдан тарта Өзбекстанда Эмгек уюмдарынын эл аралык конвенциясы иштеп баштады. Ал адам укуктарын коргоого жана кесиптик кошуундарга биригүү эркиндигин камсыздоого багытталган.