Анын айтымында, казак тарап подполковниктин соттолгону боюнча маалыматты оозеки айткан. Расмий билдирүү кошумча берилет.
Подполковник 15-октябрда “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен кармалган. Анын баңгизат менен колго түшкөнү айтылган. Маалыматка караганда, аны “Кыйрабас боордоштук-2017” аттуу ЖККУнун биргелешкен машыгуусуна катышып келаткан учурда казак чек арачылары колго түшүргөн.