Ссылки доступа

Кытай өмүр бою эркинен ажыратылган жаранды Казакстанга өткөрүп берди


Кытайда өлүм жазасына тартылып, кийинчерээк өкүм жумшартылып, өмүр бою эркинен ажыратылган казак жараны Казакстанга өткөрүлүп берилди.

Казакстан ТИМи 1989-жылы Акмоло облусунда туулган жаран Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарынан мекенине жөнөтүлгөнүн билдирди.

Казак жараны 2009-жылы маңзат ташуу шеги менен Гуанчжоу шаарында кармалып, кийинчерээк өлүм жасасына тартылган. Өкүм эки жылдан кийин күчүнө кирмек. 2011-жылы анын жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Кытайда соттолгон жаран мындан аркы жазасын Казакстанда өтөй турганын маалымдады. Учурда ал Астанадагы убактылуу кармоочу жайда отурат.

2015-жылы Кытай Казакстан менен соттолгон жарандарды өткөрүп берүү тууралуу келишимди ратификациялаган. Маалыматтарга караганда, 2015-жылдан бери Кытай түрмөлөрүнөн Казакстанга 15 жаран жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG