"Улуттук комиссия казак тилин латын арибине өткөрүү боюнча акыркы чечим кабыл ала элек. Ошондуктан апострофторду гезиттерде жана башка жерлерде пайдаланууга азырынча эрте", - деп жазды Токаев.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен быйыл алфавиттин жаңы варианты бекитилген. Бирок анда айрым тамгаларды түшүндүрүү үчүн апострофтордун көптүгүнө байланыштуу адистер менен коомчулук нааразылык билдирип чыгышкан.
Кийинчерээк алфавиттин жаңы вариантынын үстүнөн иштеген адистер бул акыркы версиясы эмес экенин билдиришкен. Бирок айрым ММКлар белгилешкендей, бир катар гезиттер латын арибинде жазып көрүшкөн болсо, аймактардагы кээ бир мамлекеттик мекемелер имараттарынын кире беришиндеги жазууларды жаңы алфавиттеги тексттерге алмаштырууга жетишкен.