«15-декабрда Самара-Шымкент унаа жолунун Иргиз кыштагына жакын бөлүгүндө Өзбекстандан Орусияга бараткан автобус бузулуп калган. Анда жүргүнчүлөрдүн көбү жабыркап калышы мүмкүн болчу, анткени талаада катуу шамал болуп, абанын температурасы 23 градус суук болуп жаткан», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Ички иштер департаментинин маалыматына ылайык, автобустун ичинде Орусияга иштегени бараткан 48 өзбек жараны болгон. Ал жерге барган полициячылар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасын чакырып, жүргүнчүлөрдү трассадагы жылынуу бөлүмүнө жеткиришкен.