15-декабрдан тарта Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Өзбек ММКлары билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата 3,7 миллион кВт/саат электр кубаты жеткирилди жана анын суткалык көлөмү көбөйүүдө.
«Электр энергиясын Кыргызстандын Улуттук электр түйүнү жеткирүүдө. «Өзбекэнерго» акционердик коомунан билдиришкендей, бул Борбор Азиядагы суу жана энергетикалык режимдер боюнча макулдашуулардын негизинде ишке ашууда.
Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн ортосунда оптималдуу энергетикалык иш режимин камсыздоого мүмкүндүк берген энергетикалык шакекче бар.
«Өзбекэнерго» акционердик коому мындан ары дагы КМШга мүчө өлкөлөрдөгү энергосистемалар менен кызматташууну бекемдөөнү, ошондой эле Сырдарья ЖЭБи сыяктуу бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат.