Ссылки доступа

АКШда ИМ тобун колдоого айыпталган казакстандык соттолду


Нью-Йорк соту АКШ бийлиги тарабынан «Ислам мамлекети» (ИМ) экстремисттик тобуна колдоо көрсөтүү максатында кутумга барган деп айыпталып жаткан Казакстандын жараны Ахрор Сайдахметовду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаршембиде Нью-Йорктун чыгыш округунун прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сайдахметов «ИМдин атынан жихад жасоо максатында Сирияга барууга аракет кылгандыгы үчүн» соттолду. Ал Сирияга барбай калса, «Кошмо Штаттардын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине» чабуул жасоого ниеттенип жүргөн.

Соттун өкүмүнө ылайык, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин ал мекенине депортацияланат.

22 жаштагы Сайдахметов 2015-жылы февралда Жон Кеннеди атындагы аэропортто Стамбулга учуу аракети маалында кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, буга чейин ал кутумдун ыктымал катышуучусунан Сирияда курал-жарак сатып алууга жана жол чыгымдарына акча алган. Алгач айыптоолорду четке каккан Сайдахметов кийин күнөөсүн моюнуна алган.

Мурдараак бул иш боюнча ыктымал кутумдун башка катышуучуларына дагы айып тагылган. Алардын арасында өзбек тектүү эки жаран бар.

Казакстандык өспүрүм кантип Америкада жихадчы болду? (2015-жылы 27-февралда тартылган видео):

XS
SM
MD
LG