Лицегевич 57 жашта. Ал өмүрүндө 21 баланы тарбияласа, алардын 20сын асырап алган. Хакасия жашоочусу жети баласын алып койгон камкордук органын сотко берди. Ишти кароо уланууда.
Августтун аягында социалдык кызматтар Екетеринбург жашоочусу Юлия Савиновских ден соолугуна байланыштуу эмчегине операция жасаткандан кийин, анын эки асыранды баласын алып коюшкан. Декабрда сот Савиновскихдин балдарын алууну мыйзамсыз деп тапкан.