Гурбангулы Бердымухамедов музейдин ачылыш аземинде сүйлөп жатып, өлкөдө Ниязовду эскерип турушарын айтты. Бирок ал өз сөзүндө биринчи президенттин расмий түрдөгү "Түркмөнбашы" жана "Улуу" наамдарын колдонгон жок. Сапармурад Ниязовдун бул титулдарын Түркмөнстандын расмий ММКлары дагы бир нече жылдардан бери кеп кылышпайт.
Ниязов өлгөндөн кийин анын бардык эстеликтери, анын ичинде 83 метрлик Түркмөнбашынын алтын айкели борбор калаанын четине көчүрүлгөн. Биринчи президенттин ысымын алып жүргөн калктуу конуштардын аттары өзгөртүлгөн.
Сапармурат Ниязов Түркмөнстанды 1985-жылдан 2006-жылга чейин башкарган.