– Владимир Владимирович Путин талапкерлигин койду, мен ага ийгилик каалайм. Менимче, ал бул шайлоодо президент болуп шайланууга мүмкүнчүлүгү жогору болгон негизги талапкер. Бул туура. Анткени Европанын көптөгөн өлкөлөрү менен АКШнын кысымы алдында турган азыркыдай оор маалда Путин мамлекеттик ишмер катары аларга туруштук берип, элди алдыга ээрчитүүдө, – деп билдирди казак лидери.
Назарбаев ошондой эле Казакстан менен Орусиянын ортосундагы азыркыдай мамилелерди сактап калуу керектигин кошумчалады.
Владимир Путин президенттик шайлоого төртүнчү ирет катышканы турат. Анын 2008-2012-жылдар аралыгында өкмөт башчысы катары иштеген мөөнөтүн эске алганда, жалпысынан бийликте 18 жыл болду. Нурсултан Назарбаев Казакстанды 28 жылдан бери башкарып келет.