«Мында активдерди жоготуу тууралуу сөз болуп жатат деп ойлобойм. Бирок чынында юридикалык талаштар бар. Биздин кеңешчилер тиешелүү деңгээлдеги тажрыйбага ээ жана Улуттук фонддун каражатына толук ээ болобуз деген үмүттөбүз», - деди ал.
Улуттук банктын төрагасы доо арызда көрсөтүлгөн сумма менен тоңдурулган каражаттын суммасы дал келбестигин белгиледи. «Биз акчанын канчалык деңгээлде мыйзамдуу тоңдурулганы боюнча каршылык билдирдик. Бирок Лондондун Жогорку соту арызыбызды канааттандырган жок. Ошентсе да бизде чечим боюнча даттанууга дагы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз New York Mellon банкы доо арыздагы сумманын дал келбестигин көрүп туруп активдерди тоңдуруу менен мыйзамсыз кадамга барды деп эсептеп жатабыз», — деди ал.
Өткөн аптада молдовалык ишкер Анатолий (Анатол) Стати менен казак өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн алкагында New York Mellon банкы Казакстан Улуттук фондунун 22,6 миллиард долларын тоңдурганы белгилүү болгон. Казакстандын мунайгаз тармагындагы ишканага акча салган Анатол Стати менен анын компаниялары казак өкмөтү жана өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин куугунтуктоосуна кабылганын билдиришүүдө. Айтымдарында, Казакстанда аларды активдерин төмөнкү баада сатууга мажбурлашкан.
Казак тарап Стати алдамчылык схемаларды пайдалануу менен Астананы келишимди бузууга мажбур кылган деп эсептөөдө. Статинин Казакстанга каршы доо арызы боюнча чет өлкө сотторундагы талаштар бир канча жылдан бери уланып келет.