Ссылки доступа

Түркмөнстандын түндүгүндө мал тоютунун «көмүскө базары» пайда болду


Түркмөнстандын Дашогуз аймагында малга тоют катары пайдаланылчу буудай кебегине болгон баалар үч эсеге өстү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлоодо.

Маалыматка караганда, учурда тоют мамлекеттик баадан үч эсеге кымбат болуп, килограммы 1 манатка (30 цент) жетүүдө.

Дашогуз облусунун айрым район борборлорундагы дүкөндөр мамлекеттик баада тоютту ар бир үй-бүлөгө 20 килограммдан гана сатууда. Алардын айрымдары алган тоютту көмүскө базардын баасы менен кайрадан сатып, акча табышууда. Жумушсуздук жана азык-түлүккө болгон баанын кымбатташына байланыштуу учурда кээ бир үй-бүлөлөр үчүн бул жалгыз киреше булагы болууда.

Дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөрдүн саны 300 кишиге чейин жетип жатканы айтылууда. Алардын ортосунда жаңжалдар чыгып жаткандыктан, аймакта күч түзүм органдарынын кызматкерлери дагы иштеп жатышат.

"22-декабрда кезек күткөндөрдүн ортосунда жаңжал чыгып, анын жыйынтыгында эки киши катуу жаракат алды. Бирөөнүн кабыргасы менен колу сынса, экинчисинин башы жарылган. Алар дароо оорукана жеткирилди. Мушташты токтотуу үчүн райондук полиция кызматкерлери чакырылган", - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Тоют сатуу токтоп калган учурларда аны алып сатып жан баккан адамдар жолдорду тосуп, нааразылыктарын билдиришүүдө. Буга байланыштуу жем-чөп жекшемби күндөрү дагы сатыла баштады.

XS
SM
MD
LG