Мындай пикирин Путин Сириядагы операцияга катышкан аскерлерге сыйлык тапшыруу учурунда билдирди. "Силер билесиңер, кечээ Петербургда террордук акт болду", – деди ал.
Кечээ Петербургдун Калинин аянтындагы «Перекресток» супермаркетинин кампасында жарылуу болуп, 13 киши жаракат алган.
Өлкөнүн Тергөө комитети бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Ишти иликтөө менен Улуттук антитеррористтик комитет алектенүүдө.