Ссылки доступа

Түркмөнстандыктар үчүн VISA көйгөйү чечиле элек


Орусияда окуган түркмөнстандык студенттер VISA карталары менен колдоно албай жатышканын маалымдашууда.

Орусияда жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент Шемшат “Азаттыктын” түркмөн кызматына акыркы бир нече күндөн бери банкоматтан акча алып, карта менен соода жүргүзө албай жатканын кабарлады.

“Мен банкоматтан акча алайын десем эле экранда “туура эмес”, андан соң “дагы бир жолу аракет жасап көрүңүз” деген жазуу чыгып калып жатат. Мындай көрүнүш мурун деле болчу, бирок бир нече жолу аракет жасап жатып, акчамды алып алчумун. Соода кылуу үчүн супермаркетке келгенде дагы карта менен төлөөгө мүмкүн болбой жатат”, - деди Шемшат.

Учурда түркмөн банктарынын карталарын колдонуу мүмкүн болбой жатканын Орусияда жогорку окуу жайларда окуган башка түркмөн студенттери дагы тастыкташты.

XS
SM
MD
LG