Ссылки доступа

Ферганада прокуратура притонго айланды делген балдар үйүн текшерүүдө (видео)


Фергана облусунун укук коргоо органдары Маргиландагы №1 Кайрымдуулук үйүнүн жетекчилигине өкмөт жана эл аралык донорлор тарабынан берилген каражатты уурдоо жана тарбиялануучуларга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, Маргилан шаарындагы №1 Кайрымдуулук үйүнүн директору Кахрамон Орипов менен кароолчусу камакка алынды.

Ориповдун эки орун басары, башкы бухгалтер жана ондой кызматкер иштен алынды, аларга карата кылмыш иши козголду.

Өз булактардын билдиришинче, Кайрымдуулук үйүнүн директору ишке тууган-туушкандарын алып, балдар үчүн өкмөт жана эл аралык уюмдар берген каражатты уурдаган. Мындан тышкары тергөөчүлөр Кайрымдуулук үйүндө тарбияланган кыздарды сойкулукка түртүшкөн деген маалыматтарды текшерип, аларды гинекологдордун кароосунан өткөрүшүүдө.

"Кароолчу директордун тапшырмасы менен балдар үйүнө чоочун кишилерди киргизип турган. Азыр ал убактылуу тергөө абагында отурат", – деди өз булак.

Буга чейин бала бакчаларды түнкүсүн “жеңил ойлуу” аялдарга ижарага берген бир нече кароолчу кармалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG