Ссылки доступа

Тегеранда мындан ары ислам дресс-кодун бузган аялдар камалбайт


Тегеран полициясы ислам дресс-кодун сактабаган аялдарды мындан ары камабайт, аларды тек гана кеңешме борборлорундагы окууларга жөнөтүп турат.

"Тегеран таймс" гезити 28-декабрда генерал Хоссейн Рахимиге шилтеме берүү менен ислам дерсс-кодун сактабаган аялдар камалып, аларга каршы сот иши ачылбай турганын жазды.

Иран басылмалары маалымдагандай, мыйзам бузгандар полициячылар өткөргөн окууларга катышышат. Дресс-код Тегерандан башка аймактарда катуу көзөмөлдөнгөн бойдон калат.

Тегеран аймаганда дресс-кодго байланыштуу 100дөн ашуун кеңеш берүү борборлору бар. 1979-жылдан тарта Иранда кийим кийүүнүн консервативдүү эрежелери сакталып калган. Бул тартиптерге ылайык, аялдар чачын жаап, узун жана кенен көйнөктөрдү кийүүлөрү зарыл.

XS
SM
MD
LG