Ссылки доступа

Самаркандда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды


Самарканд облусунун Пайарык районунда 10-декабрда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 15 күндөн кийин талаада көмүлгөн жеринен табылды.

Райондук милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, кыздын өлүмүнө анын коңшусу шектелүүдө. Маалыматка караганда, аял күйөөсүн коңшусунан кызганып, анын 12 жаштагы кызын мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн талаага көмүп койгон.

Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда райондук милиция кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

– Кыздын атасы беш жыл мурда каза болуп калган. Кыздын өзүнүн өлүмүнүн себептери азырынча так белгисиз. Бирок адамдар аны коңшу жашаган аял балта менен чаап, андан соң талаага көмүп койгонун айтып жатышат. Кыздын апасы коңшусунун күйөөсү менен сүйүү мамилелеринде болгон деп айтылып жүргөн. Коңшусу мындай жол менен атаандашынан өч алды деген ушактар тарады. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек – деди жергиликтүү тургундардын бири.

XS
SM
MD
LG