Ссылки доступа

Москвада автобус аялдамага сүзүлдү, жабыркагандар бар


Москванын түндүк-батышында каттамдагы автобус коомдук транспорт аялдамасына сүзүлдү. ӨКМден үч киши жабыркап, курмандыктар жок экенин билдиришти.

Буга чейин ТАСС жана "Интерфакс" агенттиктеринин укук коргоо органдарындагы булактары эки киши каза болгонун билдиришкен. Күбөлөр окуя болгон жерде тартылган сүрөттөр менен видеолорду социалдык түйүндөргө жарыялашууда.

Бул акыркы жума ичинде Москвада автобус адамдарды тебелетип кеткен экинчи учур.

25-декабрда жүргүнчү ташыган автобус «Славян бульвары» метро станциясынын жанындагы жер алдындагы өтмөктө жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кеткен. Расмий маалыматтар боюнча анда төрт киши мерт болуп, 11и жабыркаган. Учурда окуянын келип чыгуусунун эки версиясы каралууда: автобустун техникалык жактан бузулуусу жана айдоочунун катасы.

XS
SM
MD
LG