“Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөн мамлекеттик транспорт институтунда иштеген окутуучулар студенттерден мажбурлап акча чогултары тууралуу баяндаган. Бул маалыматтан кийин окуу жайдын кафедра башчысы Юсуп Михтиев ээлеген кызматынан бошотулду.
Юсуп Михтиев бул маалыматты четке кагып, кафедра башчысы катары институтта ишин улантып жатканын билдирди.
Бирок Түркмөн мамлекеттик транспорт институтунан Михтиевдин иштен алынганын тастыкташып, ал өткөн айдан бери окуу жайда иштебей турганын маалымдашты.
Бул арада “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары аталган окуу жайда паракорчулук жоюлбай жатканын белгилешүүдө.