Долбоордун максаты – жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоого жардам берүү, окутуунун жана педагогикалык стандарттардын сапатын жакшыртуу.
Каражат бөлүү боюнча келишим ратификациядан өтүп жатканда Жогорку Кеңеште ушул эле акчага окуу китептерин сатып алуу, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоо жана бардык мектептерге интернет өткөрүп берүү жагы каралышы керектиги айтылган.
Кыргызстан менен Европа биримдиги ортосундагы билим берүү тармагындагы кезектеги кызматташтык келишими 2010-жылга чейин эсептелген. Анын алкагында жалпысынан 36 миллион евролук жардам каралган.