Ссылки доступа

Трамп АКШнын «өзөктүк баскычы» Түндүк Кореяныкынан кыйла чоң экенин билдирди


АКШнын өзөктүк баскычы Түндүк Кореяныкынан «кыйла чоң жана кубаттуу». Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өзөктүк курал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кылып Твиттер баракчасына жазды.

«Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «өзөктүк баскыч дайыма үстөлүнүн үстүндө экенин» билдирди. Балким кимдир бирөө анын ачарчылык каптаган режимине менде дагыөзөктүк баскыч бар экенин жана ал кыйла чоң жана кубаттуу экенин, ошондой эле анын иштей турганын айтып коер», — деп жазды Трамп.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда анын үстөлүндө өзөктүк баскыч бар экенин жана ал Кошмо Штаттардын бардык аймагына чейин жетерин эскерткен.

Курал Пхеньянга коркунуч жаралган учурда гана пайдаланыларын айткан Ким Чен Ын Түндүк Корея Сеулга сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүнү сунуштап, өлкө Пхёнчхандагы кышкы Олимпиада оюндарына катышууга кызыктар экенин айткан.

Түштүк Корея бул боюнча Пхеньян менен 9-январда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG