Ссылки доступа

Кыргызстан эл аралык туризм үчүн жагымдуу бешилтикке кирди


Кыргызстан британиялык белгилүү туристтик уюмдун эс алууга жагымдуу өлкөлөр тизмесине кирип, 20 мамлекеттин арасынан бешинчи орунду ээледи. Бул тууралуу маалыматты Backpacker уюму өзүнүн Facebook баракчасына бүгүн жарыялады.

Мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринин арасынан Тажикстан жетинчи, Грузия тогузунчу, ал эми Өзбекстан 19-орунга татыды.

Британиянын Backpacker эл аралык туризмге анча тааныла элек мамлекеттерди изилдөөгө адистешкен туристтик уюм.

XS
SM
MD
LG