Ссылки доступа

Активист доого жыгылган журналисттерге 30 миң сом чогултту


Соттун чечими боюнча акчалай доого жыгылган журналисттерге "Cөз эркиндигин коргоо комитети” элден чогултуп жаткан каражаттын суммасы 30 миң сомго жетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, акция дагы уланууда.

Турдукулов 29-декабрда колуна ачык куту алып, Жогорку соттун алдына чыккан. Ал "бир топ медиа мыйзамсыз чечимдер менен 40 миллиондой айыпка жыгылганы туура эмес экенин судьялар да сезиши керек" деп билдирген.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Андан тышкары "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков “азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине далилсиз маалыматтарды таратты” деп, 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Буга чейин Кыргызстандын журналисттеринин эркин биримдиги 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтоп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG