Ссылки доступа

Киев соту Саакашвилини качкын деп таануудан баш тартты


3-январда Киевдин округдук административдик соту Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясынын лидери Михаил Саакашвилини качкын же кошумча коргоого муктаж адам деп таануудан баш тартты.

Саакашвилинин адвокаттары соттун бул чечими боюнча жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдиришти. Саясатчы аны качкын деп таануу үчүн жөнөтүлгөн документтерди кабыл алуудан баш тарткан миграция кызматынын чечимин жокко чыгарууну талап кылган.

Грузин жарандыгынан ажыратылган Саакашвили өз мекенинде бир катар кылмыштарга айыпталууда жана Грузияга экстрадицияланышы мүмкүн. Ал ошондой эле украин жарандыгынан да ажыратылган, бирок бийликтин бул чечимин тааныбай келет.

Шаршембиде прокурорлор «кылмыштуу топ» түзүү айыбы боюнча Саакашвилини үй камагына алууну өтүнүп Киевдин аппелияциялык сотуна кайрылган. Бирок сот бул өтүнүч боюнча чечим чыгарууну 11-январга жылдырды. Прокуратурас Саакашвили башында турган нааразылык акциялар Украинага каршы багытталган орусиялык кутумдун бир бөлүгү экенин билдиришүүдө. Оппозициячы дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG