“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, коомдук транспортко карта алуу үчүн документ топтоо зарыл. Бирок бул тууралуу ата-энелерге алдын ала маалымат берилген эмес.
Түркмөнстанда алты жаштан тарта коомдук транпорт үчүн акы алынат.
Ашхабаддын коомдук транспортторунда жол кирени карта аркылуу төлөө ыкмасы 2017-жылы октябрда киргизилген. Анда картанын наркы 5 манат, ал эми автобустагы бир жолку жол кире 30 теңгени түзгөн. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 3,5 манат – 1 АКШ долларына барабар.
Бир ай өткөн соң, 1-ноябрда коомдук транспортто жол кире 60% жогорулаган. Пенсионерлер үчүн бир айлык билеттин баасы гана 1 манат боюнча өзгөргөн эмес. Мектеп окуучуларынын караталары 2 манатты түзөт. Студенттер үчүн жеңилдиктер каралган эмес.
Буга чейин Ашхабад аэропортторундагы төлөм терминалдары бузулуп жатканы кабарланган.