Тажикстанда айрым дилерлер эскертүү жана айып пулдарга карабай, сим-карталарды жарандардан паспорт талап кылбастан сатып келишкен. Мындан улам Байланыш кызматы 4-январда сим-карта саткан дилерлердин лицензиясы жокко чыгарылганын маалымдады.
Мындан ары сим-карталарды мобилдик операторлордун гана кеңселеринен сатып алууга болот жана алар бул үчүн жоопкерчилик алууга даяр.
Буга чейин Тажикстанда сим-карталарды саткан 100дөй дилердик борбордун 80 пайызы жеке ишкерлерге таандык болгон. Аларга лицензияны Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы берип келген. Мобилдик байланыштар операторлорунун маалыматы боюнча сим-карталардын 80 пайызы дилердик борборлор аркылуу сатылып турган.