Ссылки доступа

Күндүн маанилүү сүрөттөрү жана видео баяндары

ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Канатбек Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмүн чыгарды. (Директтен видео)

- Иранда нааразылык басаңдады, бийлик «козголоң ишке ашпай калганын» расмий жарыялады. (Директтен видео)

- Дилноза Каримова: Диёрбектин ысымы кайрымдуулук менен өз ара жардамдашуунун символу болуп калды. Бир канча күн мурда алты жашар уулу Диёрбекти жоготкон белгилүү тажик ырчысы Дилноза Каримова оор учурларда жардам бергендерге ыраазычылык билдирди (Тажикстандан видео)

- Казакстан – БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашикбаев БУУнун Коопсуздук кеңешинин башында Казакстан эмнелерди кыла турганын айтып берди. (Казакстандан видео)

- Пенс Обаманы Ирандагы "Жашыл революция" маалында үн катпаганы үчүн сындады. (Настоящее время)

- "Иран – терроризмге демөөрчүлүк кылган дүйнөдөгү башкы өлкө". АКШнын вице-президенти Майк Пенстин маеги. (Директтен видео)

- Пластик таштандылардын 90% океанга Африка менен Азиядан барат. (Директтен видео).

- 2017-жылдагы айтууга эң оор болгон сөздөр. Ванштейн, Пхеньян жана Владимир Кличко. Эксперттер Америкада, Улуу Британияда жана Канадада былтыр айтууга эң оор болгон сөздөрдү тандашты. (Директтен видео)

- Ийгиликтин экинчи тарабы. Лос-Анжелесте ийгиликсиздик музейи ачылды. (Настоящее время)

- Jamala: ийгилик сыры. Теги крымдык татар болгон украиналык ырчы Сусана Жамаладинова бир канча жыл катары менен күйөрмандарын таң калтырып келет. (Директтен видео)

- "Орустар Францияда, Каталонияда, Мексикада жана Черногорияда аракет кылышкан": Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин маеги. (Настоящее время)

- Советтик Өзбекстандын унутта калган фотосүрөтчүсү. (сүрөт баян)

- «Кызыл үңкүрдөгү» жаңы жыл. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG