Алардын айтымдарында, учурда жер алууну каалаган ишкерлердин болжолдуу тизмеси түзүлүүдө. Бирок шаар бийлиги айрым ишкерлердин өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигине мүчө эмес экенин айтып, алардын арызын кабыл алуудан баш тартууда.
2008-жылы негизделген Түркмөнстандын өнөр жайчылары жана ишкерлеринин биримдиги коомдук уюм макамына ээ. Байкоочулардын пикиринде, ал мамлекет тарабынан берилген артыкчылыктар менен пайдаланат жана өлкөдө жеке ишкерликти көзөмөлдөп турат.
Жергиликтүү бийлик тарабынан декабрда жарыяланган планга ылайык, түрдүү соода аятчаларын, анын ичинде дүкөндөрдү куруу үчүн каралган жер тилкелери бир адамга 200 чарчы метрден берилиши керек. Айрым маалыматтар боюнча, Түркмөнбашы шаарында курулчу жеке дүкөндөр акыркы бир нече жыл ичинде түрдүү себептер менен жабылган дүкөндөрдүн ордуна тургузулат.