Ссылки доступа

Өзбекстанда мектеп директорлорун сабаган аким иштен алынды (видео)


Чиновник избивает директоров школ: громкая история из Узбекистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Сырдарыя облусунун Сайхунабад районунун башчысы Носиржон Эгамбердиев кызматынан алынды. Былтыр сентябрда анын Эгемендүүлүк майрамын начар уюштурганы үчүн мектеп директорлорун сабап, кемсинткен видеосу интернетке тараган.

Носиржон Эгамбердиев кызматынан 8-январда бошотулду. Анын ордуна Мирзаабад районун жетектеп келген Батыр Мирзакулов дайындалды.

Былтыр декабрда прокуратура Эгамбердиевге акарат келтирүү жана бейбаштык боюнча административдик иш козгогон.

Сайхунабад районунун башчысы Носиржон Эгамбердиев 2017-жылы сентябрда Эгемендүүлүк майрамын үзгүлтүккө учуратканы үчүн мектеп директорлорун сабап, акарат келтиргени маалым болгон.

Буга чейин сот Анжиян шаарынын башчысы Дилмурод Рахматуллаевге мектеп директорлорун сөккөнү үчүн 30 айлык эсептик көрсөткүчтөгү (650 долларга жакын) айыппул салган.

XS
SM
MD
LG