Ссылки доступа

Шымкентте Астана проспектисине Назарбаевдин атын берүү сунушталды


Түштүк-Казакстан облустук кеңешинин депутаттары Шымкент шаарындагы Астана проспектисин президент Нурсултан Назарбаевдин атына өзгөртүүнү сунушташты.

“Нур Отан” партиясынын Шымкенттеги филиалынын төрагасы Умирзак Мелдехановдун айтымында, борбордук көчөгө президенттин атын ыйгаруу демилгеси жергиликтүү депутаттарга таандык.

Түштүк-Казакстан облустук кеңешинин сессиясында бул сунуш депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Ошол эле маалда көчөнүн аты кайсы маалда өзгөрөрү белгисиз.

Өткөн айда Алматыдагы Фурманов проспектиси Назарбаевдин атына алмаштырылган. Калаадагы негизги көчөлөрдүн биринин атын өзгөртүү чечими Биринчи президенттин күнүндө, 1-декабрда жарыяланган.

Нурсултан Назарбаев 22-декабрда мамлекеттик ММК өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында жергиликтүү бийликтин ага эстелик орнотуп, ысымын көчөлөргө беришин “убаракерчилик” деп атаган.

XS
SM
MD
LG