Ссылки доступа

"ON1" телеканалында жетекчилик алмашты


“ON1” ("Он бир") телеканалына журналист Дмитрий Ложников директор болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин "Бешинчи каналдын" шеф-редактору болуп иштеп, кызматтан кеткенин жарыялаган Ложников өзү менен кошо ал жактагы командасынын бир бөлүгүн “ON1” телеканалына алып келгенин кошумчалады. Ал өзү менен кошо канча кызматкер келгенин ачык айткан жок.

Ложников “ON1” каналында ребрендинг процесси жүрүп жатканын, маалымат каражаты башкача аталыш менен обого чыгаарын да ырастады. Алар ошондой эле телеканал "Форум" имаратына көчөөрүн кошумчалады.

Ал эми “ON1” каналынын мурдагы жетекчиси Мамасадык Багышов компаниянын жетекчилигинен кеткенин ырастап, муну каналдын кайрадан түзүлүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал ошондой эле телеканалдын “ON1” деген аталышы интеллектуалдык менчик катары анын атына катталгандыктан, брендди өзү менен кошо алып кетип жатканын, аны кийин интернет-телеканал катары иштете турганын билдирди.

Буга чейин кээ бир интернет-сайттар “ON1” ("Он бир") телеканалы “Апрель” деп өзгөртүлүп жатканын жазып чыгышкан.

Санариптик жана кабелдик тармактактардан тараган “ON1” каналы эки жылдан бери иштейт. Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, ага КСДП партиясынын мүчөсү, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго ишенимдүү киши болгон Каныбек Туманбаев ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG