Доценттин пикиринде, парламент депутаттар европалык кийимдерди кийбеши керек. Ал эл өкүлдөрү жумушта улуттук кийим менен жүрүшү зарыл деп эсептейт. Маселен, жайында жибек чапан, кышында – кыл торко же баркыт чепкен кийүүлөрү керек.
«Мыйзам чыгаруучу палата улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн бекитет. Жергиликтүү органдар өз аймактарынын кийимдерин кийгени оң. Албетте, ферганалыктар сурхандарыялыктардан айырмаланып турат», – деп жазды Мирякуб Хайдаров Podrobno.uz сайтына жарыяланган макаласында.
Анын пикиринде, өзбектер улуттук баалуулуктарына, салт-санаасына кайтып келүүсү абзел. Ал элге үлгүнү алгач депутаттар көрсөтүшү керек деп эсептейт.
Буга чейин Кыргызстанда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылышкан.