Ссылки доступа

Түркмөнстандын ИИМ башчысына акыркы жолу эскертүү берилди


Түркмөнстандын ички иштер министри Искандер Муликовго акыркы эскертүү менен катуу сөгүш жарыяланды.

Түркмөн медиасы кабарлагандай, тиешелүү буйрукка 10-январда Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.

ИИМ башчысы жумушун так аткарбай, кадрларды туура тандабагандыгы үчүн сөгүш алды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, 43 жаштагы ички иштер министри былтыр бир нече жолу өз эрки менен отставкага кетүүгө аракет жасаган. Бир сапар президентке кайрылган, бирок анын каалоосу орундатылган эмес.

Былтыр майда Бердымухамедов башкы прокурор Аманмырат Халлыевге бир нече жолу сөгүш жарыялагандан кийин отставкага кетирген.

Ал иштен алынгандан кийин күч түзүмдөрүнүн ондогон кызматкерлери менен бирге камалганы айтылууда.

Искандер Муликов Түркмөнстандын ички иштер министрлигин 2009-жылдан бери жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG