Ссылки доступа

Тажикстан менен Өзбекстан виза тартибин жөнөкөйлөштүрөт


Душанбе менен Ташкент виза маселеси жана тажик-өзбек мамлекеттик чек арасынын талаштуу аймагындагы Фархад ГЭСи боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Тажикстандын маалымат каражаттары кабарлашты.

«Азия-Плюс» тажик агенттиги өкмөттөгү өз булактарына таянып, жакын арада эки тарап эки өлкөнүн жарандары бир айга чейин визасыз жүрүүгө уруксат берген документке кол коё турганын жазды.

Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Ариповдун Душанбедеги жолугушуусу маалында эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде чек арадагы мина коюлган аймактарды тазалоо маселеси талкууланган.

Эки өлкөнүн чек арасындагы тоолуу райондорго миналар 1999-жылы “Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары Тажикстан тараптан Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна кирүүгө аракет кылганда коюлган.

Тажикстандын минадан тазалоо боюнча улуттук борборунун маалыматына караганда, 1999-2011-жылдар аралыгында катылган минага жарылып 76 киши каза тапса, 160тан ашуун адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG