Ссылки доступа

Өзбекстанда имам Аль-Бухари тууралуу тасма тартылууда


Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен IX кылымда жашап өткөн белгилүү ислам окумуштуусу имам Аль-Бухаринин өмүр жолу тууралуу эки сериялуу көркөм тасма тартыла баштады.

Ири бюджеттүү болот деп айтылып жаткан долбоордун үстүнөн кинорежиссер Рустам Сагдиев иштейт.

Тасманы мамлекеттик гранттын эсебинен өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте «Өзбеккино» мамлекеттик компаниясы тартат.

Өткөн жылдын соңунда президент Шавкат Мирзиёев өзбек кинематографисттери менен жолугуп, ислам темасында тасма тартып, аны мечиттерде көрсөтүүнү сунуштаган.

«Эмнеге бизде имам Аль-Бухари менен Ат-Термизи сыяктуу ата-бабаларыбыз жөнүндө тасмалар жок? Имам Матуриди жөнүндө дагы кино тартса болот. Ислам цивилизациясы тууралуу биз эмнени көрсөтө алабыз? Исламды туура чечмелөө – бул чоң тарбия. Ал тасмаларды кийин мечиттерде дагы көрсөтсөк болот», – деген президент.

Кинорежиссер Рустам Сагдиевдин айтымында, мамлекет башчынын бул сөздөрүнөн кийин кинематографисттер белгилүү ислам окумуштуусу имам Аль-Бухари менен ислам уламасы Ат-Термизи тууралуу тасмаларды тартууга даярдык көрө башташкан. «Президент бизге каражат жана техника жактан эч кандай маселе болбой турганын убадалады. Эгер зарыл болсо Голливуддан эң заманбап техникаларды сатып алабыз. Тасмага тартууга дүйнөлүк кинематографиянын жылдыздары чакырылды», – деди Рустам Сагдиев.

XS
SM
MD
LG