Тестердин айтымында, аталган сүрөттү ал 2010-жылы 8-июнда Канаданын Эдуард ханзаада аралындагы Сэндбэк провинциясынын паркында тарткан. Алгачкы жолу сүрөт Deviantart сайтына ошол эле жылы 24-июнда жарыяланган. Ал сүрөтүнүн банкнотко колдонулганын жакында эле билген.
Учурда адвокат жалдоого акчасы жок экенин айткан Кейт Казакстандын Улуттук банкы банкнот чыгарууда анын сүрөтүн пайдаланганын моюнуна алышы керек деп эсептейт.
Ал ортодо Улуттук банктын өкүлдөрү «банкнотада көрсөтүлгөн ак чардактардын абалы канаттуулардын бул түрүнүн бардыгына мүнөздүү экенин жана сүрөттөр графикалык редакторлорду пайдаланбастан колго тартылганын» билдиришти.