Ал өз блогунда бул тандоо боюнча талаш көптөн бери болуп келгенин белгилеген. Советтер Союзу ыдырагандан кийин мурдагы айрым республикалар, азыркы көз карандысыз өлкөлөр аталыштарын өзгөртүшкөн.
«Биз макалаларыбызда совет окуу китептеринде жазылып калган орусча кеңири колдонулган аталыштарды пайдаланып келгенбиз. Өлкөлөрдүн эски жана жаңы аталыштары бирдей колдонулуп жаткан маалда “дайыма ушундай жазып келгенбиз” деген аргумент бара-бара алсыз болуп калды. Мамлекеттердин жаңы аталыштары расмий документтердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдардын бөлүгү болгон мезгил келди. Издөө системасында да колдонуучулар жаңы аталыштарга артыкчылык беришүүдө», - деп түшүндүрдү редактор.
Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын расмий түрдөгү кыскартылышы. Конституциянын кыргыз жана орус редакцияларында өлкө Кыргызстан деп көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда орус ММКлары көбүнчө Киргизия деген аталышты колдонушат.