Мекеменин маалыматына караганда, кырсык маалында автобустун ичинде 57 киши болгон. Болжолдуу версия боюнча каза болгондор Өзбекстандын жарандары.
Окуя бүгүн Астана убактысы боюнча 10:30да Самара — Шымкент жолунуну Иргиз районундагы бөлүгүндө болгон. Жергиликтүү агенттиктер ичинде Өзбекстандын жарандарынан турган 57 жүргүнчүсү бар «Икарус» автобусу өрттөнгөнүн кабарлашууда.
Департаменттин маалыматы боюнча күйүп жаткан автобустан беш гана киши сыртка чыгууга үлгүргөн. Учурда алар райондук оорукана жеткирилишти.