Ссылки доступа

БШК Бабановдун манданттан баш тарткан арызын кабыл алды


“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арыз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдын бардык талаптарына жооп берген арыз БШКга келип түшүп, кабыл алынды. Учурда жумушчу топ аны карап жатат. Мындан соң маселе БШКнын жалпы жыйына чыгарылмакчы.

Буга чейин депутаттын арызы өз колу менен жазылбаганы үчүн БШК кабыл албай келген эле.

Президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабановго каршы конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал ушу тапта чет өлкөдө жүргөнү кабарланган.

Жаңы жылдын алдында Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG