Тажикстандын Салык кодексине ылайык, 2013-жылдан тарта шоу-бизнес өкүлдөрү мамлекет бюджетине ай сайын 540 сомони (60 доллардан ашык) төлөөгө милдеттендирилген. Буга чейин артистердин кирешелерине жараша салык салынчу. Бирок алардын айрымдары тапкан кирешелерин жашырып койгондуктан, патент киргизилген. Учурда шоу-бизнес өкүлдөрү патенттин менен ай сайын 540 сомони төлөө же жеке ишкерлик күбөлүгүнүн негизинде айлык кирешелеринин 4% которуу сыктуу эки системанын бирин тандап алышса болот.
Салык комитетинин “кара тизмесине” 102 артист киргизилген. Алардын ичинде эстрада жылдыздары Шабнами Сурайё, Садриддин Наджиддин, Мехрнигори Рустам, Суруш Холов, Пенджи Анаев, Сафаргул Юсуфова, Сарвиноз Юсуфи, Фахриддини Малик бар.
Салык комитетинин маалыматы боюнча 2018-жылдын 1-январына карата салык органдарына 1512 ырчы-чоорчу катталган. Бир жыл мурун алардын саны 2240 болгон.