Буга чейин кол салуу учурунда Германия, Грекия, Украина жана Казакстан жарандары болгону маалымдалган.
АКШ Мамлекеттик департаменти теракттан канча америкалык өлгөнүн айткан жок.
Бирок AP агенттиги Кабул мейманканасындагы кол салуу учурунда бир нече америкалык жаран мерт болгонун кабарлады.
Агенттик Кабулдун расмий өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен террорчулардын чабуулунан 22 киши курман болгонун билдирди. Алардын 13ү чет өлкөлүк жарандар болгон.