Натыйжада эки киши мерт болуп, 38ден ашууну катуу ууланган. Бул окуя тууралуу маалыматты тажик ММКлары 2017-жылы жарыялашкан.
Мамлекеттик айыптоочу аны 25 жылга түрмөгө кесүүнү сураган. Махпора Хикматова “кылмышка даярдануу” жана “киши өлтүрүү” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.
Өкүм январдын башында чыккан жана Жогорку сот аны өзгөртүүсүз калтырды.
Хатлон облусунун прокурору Насрулло Махмудзода 23-январда билдиргендей, аял күйөөсүнүн туугандарын өлтүрүп, үйгө ээлик кылууну көздөгөн. Бул үчүн ал нандын камырына уу кошуп турган.
Соттолгон аялдын туугандары айыптоолорду четке кагышууда. Алар Махпорага жалган жалаа жабылганын, төрт баласы апасыз калганын билдиришүүдө.
Махпора Хикматованын күйөөсү төрт жыл мурун өз жанын кыйган.