Ссылки доступа

Трамп атайын прокурор Мюллердин суроолоруна жооп берүүгө даяр


АКШнын президенти Дональд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллер менен жолугуп, шайлоо штабынын Кремль менен ыктымал байланыштары тууралуу тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Давостогу Эл аралык экономикалык форумда журналисттердин алдында сүйлөгөн Трамп Мюллер менен жолугушканга чейин алдын ала адвокат менен кеңешип алууга ниеттенип жатканын айтты. Президент дагы бир жолу ал тараптан эч кандай кутум болбогонун жана тергөөгө тоскоолдук кылбаганын кайталады.

Мюллердин айланасындагы адамдардын маалыматына караганда, атайын прокурор АКШ президенти менен анын ФБРдин директору Жеймс Комини жана коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинди кызматтан алуу чечимдери тууралуу сүйлөшүүнү каалайт. Мюллердин милдеттеринин бири – Коми айткандай, Трамп Флиндин Вашингтондогу орус элчиси менен байланыштарын иликтөөнү токтотууну өтүнүү менен сот адилеттигине тоскоолдук кылууга аракет кылган-кылбаганын аныктап чыгуу.

Бир нече ай мурда Трамп Мюллердин командасы менен сүйлөшүүгө «100 пайыз даяр экенин» айткан. Бирок кийинчерээк эч кандай кутум болбогонун белгилеп, андай сүйлөшүүнүн зарылдыгынан шек санап жатканын билдирген. Москва АКШнын ички саясатына кийлигишкендиги тууралуу айыптоолорду бир канча жолу четке каккан.

Мурдараак Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча тергөөнүн алкагында америкалык атайын кызматтын жогорку даражадагы кызматкерлери, анын ичинде ЦРУнун башчысы Майк Помпео жана баш прокурор Жефф Сешнс сурак беришкен. Америкалык телеканалдардын маалыматтарына караганда, январдын соңуна чейин атайын прокурор Трамптын мурдагы кеңешчиси Стив Бэннон менен дагы сүйлөшүүнү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG